Жакынкы күндөрү “Дордой” базарынын айланасындагы көчөлөр ачылат

Жакынкы күндөрү “Дордой” базарынын айланасындагы көчөлөр ачылат

Бишкек шаарындагы “Дордой” базарынын айланасындагы жол инфраструктурасын оңдоо иштеринин экинчи этабынын алкагында бир катар тилкелердеги иштер толугу менен аяктады. 

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдор кеңейтилип, тротуарлар жана ирригациялык системалар курулду.

Алдыдагы 10 күндүн ичинде Кожевенная көчөсүнөн Чымкент көчөсүнө чейинки Безымянная көчөсүн, ошондой эле Безымянная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки Чымкент көчөсүн унаа кыймылы үчүн ачуу пландалууда.

Элебесов көчөсүндө Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки тилкеде иштер жүргүзүлүүдө. Бул тилкедеги иштер суу түтүктөрүн жана канализациялык түтүктөрдү тартуу иштерине байланыштуу созулууда.

Айбек Жунушалиев иштердин жүрүшү менен таанышып, жооптуу кызматтарга жана подряддык уюмдарга аткарылып жаткан иштердин сапатын талаптагыдай камсыз кылууну жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media