Өкмөт социалдык объекттерди оңдоого жана курууга 2 млрд сомго жакын каражат бөлөт

Өкмөт быйыл социалдык объекттердин капиталдык ремонтуна жана курулушуна дээрлик 1,9 млрд сом каражат сарптайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган каражат 174 соцобъекттин ремонтуна жана курулушуна кетет.

• Алардын ичинен 92 курулуш объектиси болуп саналат

  • 63 мектеп жана спорт зал
  • 13 бала бакча
  • 7 саламаттыкты сактоо мекемеси
  • 3 маданий жай
  • 2 спорт комплекси жана башка объектилер

______________________________________________________________________________

  • 29 капиталдык оңдоо объектилери
  • 24 ичүүчү суу менен камсыздоочу жайлар
  • 15 бирдиктүү депозиттик эсептин эсебинен билим берүү объектилери
  • 6 юстиция министрлигинин объектилери
  • 8 Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда бузулган объектилер

Социалдык маанидеги объектилердин көпчүлүгү Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында (15 жана 14), эң аз Талас облусунда (5) курулмакчы.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат