Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясынын биринчи күнүндө, тагыраагы 20-ноябрда 198 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэрия тараткан билдирүүдө айтылат.

Белгиленгендей, таштандыларды чыгарууга жалпы 35 атайын техника тартылды. Алардын ичинен 8и таштанды ташуучу унаалар, калгандары самосвалдар.

Кечээ борбор калаанын төрт районунда тең "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын тазалоо жана ташып чыгаруу иштерин жүргүзүштү.

Мындай масштабдуу акциянын негизги максаты — шаар тургундарына үйлөрүндө жана короолорунда топтолуп калган эски, керексиз буюмдардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Эске салсак, 21-ноябрда акциянын акыркы күнү өткөрүлөт. Таштандыларды чыгаруу иштери саат 09:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды