Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Бишкек шаарында Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы заманбап үлгүдө курулууда. Долбоор Турукташтыруу фондунан каржыланып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.

Архитектуралык долбоорго ылайык, объекттин жалпы аянты 12 000 чарчы метрди түзөт.

Жаңы спорт комплексинде 1 250 чарчы метр аянтты ээлеген олимпиадалык стандарттарга жооп берген жабык бассейн, машыгуу бассейни жана 560 орундуу көрүүчүлөр трибунасы каралган.

Мындан тышкары, комплекстин аймагында ачык футбол стадиону, эки кичи футбол, эки баскетбол аянтчасы жана пляж футболу үчүн бир аянтча курулат.

Курулуш иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө курулуш аянтында котлован казуу иштери аяктап, бетон кую иштери аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, 70 жылдык тарыхы бар спорт академиясынын жаңы имараты заманбап архитектуралык талаптарга ылайык салынып, эл аралык стандарттарга жооп берет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды