«Кыргызалтын» Кумтөрдөгү алтын менен күмүштү сатуу тартиби тууралуу айтып берди

«Кыргызалтын» Кумтөрдөгү алтын менен күмүштү сатуу тартиби тууралуу айтып берди

«Кыргызалтын» ААК «Кумтөр» кенинен чыккан алтын менен күмүштү сатуу жол-жобосу тууралуу айтып берди.

«Кыргызалтындын» маалыматы боюнча, баалуу металлдар 2009-жылдын 6-июнундагы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Кыргызалтын» ААК жана КРнын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатуу жөнүндө кайра каралган келишимдин негизинде сатылат.

Баалуу металлдарды сатуу тартиби этап-этабы менен техникалык стандарттарды камтыган процесстин негизинде жүргүзүлөт.

  • «Кумтөр» аффинаждоочу заводго Доре эритмесин берет, ал Кумтөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда эритиндини алууну жүргүзөт.
  • Эриген суюк металлдан үлгүлөр алынат. Андан кийин алынган үлгүлөрдөгү алтын менен күмүштүн пайыздык өлчөмдөрү аныкталат.
  • Аффинаждан кийин алтын менен күмүш кардарларга сатылат. Ошол эле учурда, алтындын жана күмүштүн наркынын болжол менен 99,9%ы Кумтөргө кайтарылып берилиши керек, ал эми 0,1% аффинаждоо чыгымдарына (кайра иштетүү чыгымдарын «Кумтөр» аффинаж заводуна төлөйт) кетет.

«Кумтөр» кени иштетилгенден тартып ушул убакка чейин 150 тоннага жакын күмүш сатылган. Бюджетке төлөмдөр КРнын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн. Алтын жана күмүштү сатуу боюнча ачык жана толук маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин «Кумтөр Голд Компанинин» тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк кенде өндүрүлгөн бардык алтындарды Улуттук Банк сатып алаарын жана 29 млн долларга баалуу металлдын биринчи партиясы сатылганын айткан.

Кийинчерээк УБ бул маалыматты четке кагып, «Кумтөрдөн» алтын сатып алуу чечими чыга электигин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу