Автоунааларды кайра каттоонун жол-жобосу – Нускама

Автоунааларды кайра каттоонун жол-жобосу – Нускама

Кыргызстанда 1-июндан баштап автоунааларды жеңилдетилген абалда кайра каттоо башталат.  Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менчик ээлери үчүн аталган акциянын жол-жобосу тууралуу нускамасын жарыялады.

Эскерте кетсек, акциянын алкагында автоунаанын орточо базар баасынан 0,3% өлчөмүндөгү акы алынбайт. Кайра каттоонун баасы 1360 сомду, эгер мамлекеттик номурду алмаштырбасаңыз, анда 460 сомду түзөт.

Унааларды кайра каттоодон өткөрүүнүн тартиби

1-КАДАМ. Унааны текшерүүдөн өткөрүү керек, кезекти эсепке албаганда ал 5-10 мүнөткө созулат жана сиз ал жерден «Текшерүү актын» алышыңыз керек.

Мамлекеттик номер алмаштырылган учурда, аны автоунаадан чечип, өзүңүз менен кошо алып кетишиңиз керек. Эскерте кетчү нерсе, кайрадан каттоодо регион өзгөрүлбөсө, үч же төрт сандуу болгонуна карабастан, автотранспорттун мамлекеттик каттоо белгисин алмаштырбай койсо болот.

2-КАДАМ. Андан кийин күтүү залына барып, маалымат столуна (кабылдамага) кайрыласыз. Кызматкер сизге электрондук кезек билетин берет, сиздин билет номериңизге жараша кезеги менен алар сизге кызмат көрсөтөт.

Маалымат столунан «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун бар-жок экендигин текшере аласыз. Эгер төлөнбөгөн айып пулдар аныкталса, аларды банктын кассаларында же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөгө туура келет. Төлөнбөгөн карыздар транспорттук каражаттарды каттоо тутумунда аракеттерди чектейт.

Унааны кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтер:

  • ID-паспорт (сатуучунун жана сатып алуучунун)
  • ээликтен ажыратуу укугу бар ишеним кат (эгер бар болсо)
  • транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүк
  • текшерүү акты
  • мамлекеттик унаа номери (алмаштырылса)
  • унаа үчүн салык жыйымдарын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция
  • унаа үчүн салык төлөмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (автоунааны каттоодон өткөндүгү үчүн кыймылдуу мүлккө салык төлөөгө болот)

3-КАДАМ. Унааны каттоодо негизги документ – бул сиз унаанын жаңы ээси экениңизди тастыктаган сатуу келишими. Аны каттоо учурунда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери түзөт. Сатып алуучу келишимде жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерип, керектүү жерлерге кол коюп, документтердин толук топтомун адиске тапшыруу зарыл.

4-КАДАМ. Аягында сиз арызда көрсөтүлгөн сумманы күтүү залында жайгашкан банктын кассаларына төлөйсүз. Убактылуу күтүүдөн кийин чекти тапшыруу иштери менен кызмат кылган адиске тапшырып, мамлекеттик унаа номериңизди жана өзүңүздүн аты-жөнүңүзгө таандык ТК каттоо жөнүндө күбөлүктү аласыз.

Маанилүү! Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча бардык операциялар автоматташтырылган жана мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган. Бул себептен, сиздин талаптырыңызды тез чечип берем деген ортомчулардын сунуштарынан баш тартууңузду өтүнөбүз.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу