Бишкек шаарынын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы айлык маяналарын үч эсеге көбөйтүп алышкан – Башкы прокуратура

Бишкек шаарынын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы айлык маяналарын үч эсеге көбөйтүп алышкан – Башкы прокуратура

Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлери социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана шаардын инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн каражаттын эсебинен негизсиз эле эки айлык акы өлчөмүндө кошумча акча алышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясында жана шаардык кеңешинде коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө белгилүү болгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка таянсак, Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, муниципалдык кызматтардын функционалдык милдеттери өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарга теңдештирилип, эмгек акыларына 2 маяна өлчөмүндөгү үстөк акылар негизсиз кошулган.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин бир айлык маянасы 120 000 сом жана 150 000 сомго көбөйтүлүп, натыйжада, шаардагы социалдык маселелерди чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртуу багытына сарпталуучу бюджеттик каражаттар мыйзамсыз сарпталган. 2019-жылдан 2021-жылдын апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 581 700 сомдук зыян келтирилген.

 Жогоруда көрсөтүлгөн зыян Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Абировдун  жана башка жооптуу кызмат адамдарынын долбоорду талкуусуз бекиткенинен улам келип чыккан.

Аталган факты боюнча материалдар БП тарабынан КРнын Жазык кодексинин 320-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу