Кыргызстанда алкоголь жана тамеки продукцияларына милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет

Кыргызстанда алкоголь жана тамеки продукцияларына милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет

2021-жылдын 1-июлунан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып, өлкөнүн аймагында маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар, шараптар, коньяктар (коньяк спиртинен тышкары), шуулдама шараптар (шампанды кошкондо), алкоголу аз ичимдиктер, тамекилер (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула) милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш.

Маркалоо кодун кантип алса болот?

Товарлардын көрсөтүлгөн топторун өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар маркалоонун GTIN-коддордун алуу үчүн биринчи кезекте GS1 Kyrgyzstan предметтик номерлөө ассоциациясына кирүүсү зарыл.

Андан кийин маркалоонун улуттук оператору «Альфа Телеком» ЖАК менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн катышуучуларына маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлөт, маркалоо коддоруна тапшырык берилет, ошентип аларды товарга түшүрүү жана аны жүктөө катталат.

«Альфа Телеком» ЖАКы менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылсаңыз болот:

Бишкек шаарында:

  • Восток-5 кичи району, Чүй пр., 32/б үйү, «Изумруд» соода борборунун жанында;
  • Кожевенная көчөсү, «Дордой» базары, 1-өтмөк, № 60-61 конт. (Мир обуви)
  • Чүй пр., 204, «Берекет Гранд» соода борбору, 0-кабат
  • Айтматов пр., 3, «Asia Mall» соода борбору, 0-кабат

Ош шаарында:

  • Масалиев пр., 2 (багыттама – Каныкей эстелиги)

Кара-Суу шаарында:

  • Бакиев көчөсү (багыттама – К. Жакыпов атындагы мектеп интернаты)

Кошумча маалыматты «Текшер» системасынын www.main.teksher.kg сайтынан, ошондой эле 116 же 0 999 333 999 номурлары аркылуу алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу