ЖКнын комитети Дүйнөлүк Банктан алына турган 20 млн долларлык насыя жана гранттык каражатты макулдашты

ЖКнын комитети Дүйнөлүк Банктан алына турган 20 млн долларлык насыя жана гранттык каражатты макулдашты

ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитети КР менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы «COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал» макулдашуу-катынын долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Дүйнөлүк Банк 10 млн долларлык насыяны 0,75% жана 10 млн доллар грант менен берүүнү пландаштырууда. Насыянын мөөнөтү 38 жыл, ошондой эле анын ичинде 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөт бар.

Кошумча каржылоонун жана долбоорду реструктуризациялоонун негизги максаты – COVID-19 вакциналарына жетүүгө бирдей мүмкүнчүлүк түзүүнү камсыз кылуу болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда азык-түлүк жарманкеси өттү

Кадамжайда азык-түлүк жарманкеси өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жарманке Кадамжай районунун аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана калкка базар баасынан арзандатылган баада продукция сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында өткөрүлдү. Жарманкеде

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун балык чарба субсидияларына мүчө болду

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун балык чарба субсидияларына мүчө болду

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун балык чарба субсидиялары боюнча макулдашуусуна кошулду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 5-майында Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын ДСУнун Марракеш макулдашуусуна карата Протоколду - Балык чарба субсидиялары боюнча макулдашууну кабыл алуу жөнүндө документти тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өттү. Аземге Кыргыз Республикасынын атынан

Дүйнөлүк "Bvlgari" бренди Кыргызстан менен кызматташууга кызыгууда

Дүйнөлүк "Bvlgari" бренди Кыргызстан менен кызматташууга кызыгууда

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дүйнөгө белгилүү италиялык "Bvlgari" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Делегациянын курамында компаниянын туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директору Элеонора Риццуто, ошондой эле корпоративдик каржы жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча директору Энрико Фрицци

Баткенде 319 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Баткенде 319 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Баткенде 319 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы 319 гектар жер тилкелери аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн жер участоктору айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна (136,52 га) жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн (182,51) балансына өткөрүп