Бабановдун адвокаты: «Эмнеге айыпталып жатканын түшүнгөн жокпуз»

Бабановдун адвокаты:  «Эмнеге айыпталып жатканын түшүнгөн жокпуз»

«Мен да, Өмүрбек Бабанов да аны эмнеге айыптап жатканын түшүнбөй жатабыз». Бул тууралуу 24.kg сайтына Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, КРнын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановго «Кумтөр» боюнча эч кандай күнөө коюлушу мүмкүн эмес, анткени ал эреже бузгудай эч кандай аракеттерди жасаган эмес.

«Бабановго анын шектелип жаткандыгы тууралуу алдын ала эч кандай эскертүү келген эмес. Андыктан мен да, Бабанов да ал эмнеге шектелип жаткандыгын жана эмне үчүн камалганын түшүнбөй калдык», – дейт юрист.

Абдырахманов белгилегендей, Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын август айына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Бул убакыт аралыгында ал эки гана иш-аракет жасаган – биринчиси, «Кумтөр Голд Компани» тарабынан экологиялык мыйзамдардын сакталып жаткандыгын текшерүү боюнча комиссия түзгөн, ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Данияр Үсөнов тарабынан 16330 гектар жерди Кумтөргө өткөрүп берүү жөнүндө мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгарган.

Бабановдун адвокатынын пикиринде, ал эч кандай мыйзамды бузган иш алпарган эмес.

Эскерте кетсек, ал кечээ 31-май күнү «Кумтөр» кени боюнча суракка келген жеринен камакка алынган.

Министрликтин маалыматы боюнча, УКМК, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигинин ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорунун ар кандай баскычтарындагы коррупция боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу