Кендерден чегерүүлөр түздөн-түз өнүгүү фонддоруна эмес, алгач бюджетке берилиши сунушталды

Кендерден чегерүүлөр түздөн-түз өнүгүү фонддоруна эмес, алгач бюджетке берилиши сунушталды

Алтын кендеринен чегерүүлөрдү түздөн-түз өнүгүү фонддоруна багыттабай, аларды кийинерээк тиешелүү фонддорго которуу үчүн алгач республикалык бюджетке чегерүү сунушталды. Долбоордогу түзөтүүлөр коомдук талкууга коюлуп, ЖКнын сайтында жарыяланды.

Долбоордогу түзөтүүлөргө ылайык, алтындын бекитилген запасы 50 тоннадан ашыкты түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

  • 80 %ы – кийинчерээк төмөнкүдөй жумшоо үчүн республикалык бюджетке: 50 %ы – облусту өнүктүрүү фондуна, 30 %ы – районду өнүктүрүү фондуна
  • 20 %ы – пайдалуу кен чыккан жердеги тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге

Ушул эле документте белгиленгендей, алтындын бекитилген запасы 50 тоннадан кемди түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер, анын ичинде алтын менен бирге бир эле убакта пайдалуу кендердин башка түрлөрүн камтыган кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

  • 80 %ы – районду өнүктүрүү фондуна жумшоо үчүн республикалык бюджетке
  • 20 %ы – пайдалуу кен чыккан жердеги тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге

Ошол эле учурда, долбоордогу түзөтүүлөрдө алтыны жок пайдалуу кен чыккан жерлер үчүн төмөндөгүдөй тартип каралган:

  • республикалык маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген чегерүүлөр алтындын запасы 50 тоннадан ашык кендерге карата жүргүзүлөт
  • республикалык маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине киргизилген эмес – алтындын запасы 50 тоннадан кем кендердегидей жүргүзүлөт

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу