Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

КРнын Ички иштер министрлиги онлайн кумар оюндарын өткөрүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталганын билдирди.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө букмекердик ставкаларды кабыл алуу жана онлайн-казино кызматтарын көрсөтүү үчүн интернет-платформалар аркылуу Кыргызстан банктары тарабынан чыгарылган банк карталары аркылуу оюн эсептерин толуктоо жана акча каражаттарын чыгарып алуу жүргүзүлүп турганы аныкталган.

Шектүү катары 3 жаран кармалды:

  • 2003-жылы туулган С.Б.,
  • 2006-жылы туулган М.А.
  • 2004-жылы туулган А.Р.

Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

0:00
/0:58
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды