Кыргызстан туристтерден вакцинация сертификатын талап кылбайт – COVID-19 боюнча штаб

Кыргызстан туристтерден вакцинация сертификатын талап кылбайт – COVID-19 боюнча штаб

Кыргызстан туристтерден коронавируска каршы эмдөө сертификатын талап кылбайт. Өлкөгө киргендер үчүн терс ПЦР-тестин көрсөтүү жетиштүү болот. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык оперативдүү штабдан билдиришти.

Штаб дүйнө жүзү боюнча эмдөө ыктыярдуу негизде гана жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Учурдагы алгоритмдерге ылайык, COVID-19 тестинин терс жыйынтыгы чыкса (72 саатка жарактуу болсо), чет элдик жарандардын, анын ичинде туристтердин КРнын аймагына кирүүсүнө уруксат берилет.

Штабдан билдиргендей, республиканын аймагына кирүү үчүн коронавируска каршы эмдөө сертификаты талап кылынбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек-Ош жолуна түшкөн таштар тазаланды

Бишкек-Ош жолуна түшкөн таштар тазаланды

10-майда жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 80-124-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Ошого байланыштуу, учурда түшкөн таштарды тазалоо жана жолду коопсуз абалда кармоо боюнча иштер ыкчам жүргүзүлдү. Бул тууралуу  “Кыргызавтожол Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган иштер “Кыргызавтожол Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №9 жол тейлөө ишканасы

Каракол шаарына 10 жаңы автобус алынып келинди

Каракол шаарына 10 жаңы автобус алынып келинди

11-майда Каракол шаарына 10 жаңы заманбап автобустар алынып келинди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, эл ташуучу автобустар мындан ары Каракол-Бишкек, Каракол-Алма-Ата жана Каракол-Ташкент багыттары боюнча каттамдарга чыгарылат. Жаңы унаалар алыскы сапарларга ылайыкталып, жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган. Жаңы автобустардын каттамга чыгышы аймактагы жүргүнчүлөрдү

Бишкектеги турак үйлөрдүн 99% ысык суу менен камсыз болду

Бишкектеги турак үйлөрдүн 99% ысык суу менен камсыз болду

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 11-майына карата борбор калаадагы ысык суу берүү иштери боюнча маалымат берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жылуулук тармактарындагы оңдоо иштеринен кийин адистер турак үйлөргө ысык сууну этап-этабы менен кошууну улантууда. Учурда ишкананын техникалык тейлөөсүндөгү турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен

Кыргызстанда Евро-5 күйүүчү майы өндүрүлө баштайт

Кыргызстанда Евро-5 күйүүчү майы өндүрүлө баштайт

Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана Иранга каршы согуш аракеттеринен кийин газ менен күйүүчү майдын баасы кескин өсүп, бул Кыргызстандагы бааларга дагы таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, согуш башталганга чейин Россиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасы орточо 650 доллардан ташылып