40 кыргызстандык ишкана экспортту натыйжалуу башкарууну окушат

40 кыргызстандык ишкана экспортту натыйжалуу башкарууну окушат

Кыргызстанда 40 ишкана чет өлкөлөргө өз продукцияларын чыгаруу жана экспортту башкаруу тармагындагы көйгөйлүү темалар боюнча окушат. Бул тренинг КРда экспорттук менеджмент боюнча машыктыруу демилгесинин алкагында өткөрүлүп жатат. Бул демилгени «ЖИА» Бизнес Ассоциациясы жана Эл аралык Соода Борбору (ЭСБ) Ready4Trade долбоорунун алкагында ишке ашырууда.

Тандалган ишканалар беш күндүн ичинде продукцияны экспорттоонун төмөнкү баскычтарында билим алышат:

  • таңгактоо жана маркалоо
  • милдеттүү жана ыктыярдуу сертификация жана сапат стандарттары тууралуу
  • бажы алымдары
  • эл аралык автомобиль, темир жол жана аба транспорту
  • экспортту пландаштыруу

 Кечээ 2-июнда алдыңкы 10 компания экспорттук менеджмент боюнча окутуу программасын аяктагандыгы жөнүндөгү сертификаттарга ээ болушту.

«ЖИА» Бизнес Ассоциациясынын башкы директору Фархад Пакыров Ready4Trade менен кызматташуу уюмдун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтери тууралуу айтып жатып: «Биз экспорттук башкаруу боюнча өткөргөн тренингдерден топтолгон тажрыйбабызды региондордогу башка компаниялар менен да бөлүшө алабыз», – деп кошумчалады.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн долбоор боюнча менеджери Козимо Ламберти маалымдагандай, Ready4Trade долбоору кыргыз ишкерлерине соодадагы бардык талаптарга жана стандарттарга жооп бере алышы үчүн негизги колдоо көрсөтүүнү улантат. Бул алардын регионалдык жана эл аралык сооданын толук мүмкүнчүлүктөрүн колдонуусуна шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу