Депутат комбанктарга алтынды сатып алууга уруксат берүүнү сунуштады. Улуттук Банктын ордунабы?

Депутат комбанктарга алтынды сатып алууга уруксат берүүнү сунуштады. Улуттук Банктын ордунабы?

Физикалык баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы бар, ошондой эле баалуу металлдардын экспертизасын жүргүзүү үчүн тиешелүү жабдуусу бар коммерциялык банктарга аффинаждоо жана ички жана тышкы рынокту сатуу максатында баалуу металлдарды сатып алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берүү долбоору сунуш кылынды.

Тиешелүү мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Гүлшат Асылбаева көтөрүп чыккан бул долбоор коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Документте айтылгандай, банктар чийки зат түрүндөгү баалуу металлдарды, ошондой эле аффинаждык өндүрүштөрдү (Доре эритмеси, катоддук металлдар, шлих алтыны, баалуу металлдардын концентраттары) сатып ала алышат.

Депутат демилгенин максатка ылайыктуулугун –  банктар тиешелүү экспертиза жүргүзүүгө, баалуу металлдарды, анын ичинде КРнын чегинен тышкары коопсуз сактоо жана ташуу үчүн зарыл ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиги менен түшүндүрөт.

Коммерциялык банктар УБнын көзөмөлүндөгү түзүмдөр болуп саналат, алардын иши ачык болот, бул баалуу металлдар жагынан алдамчылык операцияларынын тобокелдигин, ошондой эле салыктарды төлөөдөн качуу жана башка көптөгөн тобокелдиктерди жокко чыгарууну билдирет деп айтылат долбоордо.

Эмне убада кылышууда?

Комбанктарга калктан, алтын казып алуучу компаниялардан жана баалуу металлдар рыногунун башка катышуучуларынан чийки затты жана жарым продуктыларды сатып алууга уруксат берүү – алтын кен өнөр жайын, анын ичинде старателдик тармакты көмүскө сектордон чыгарууга көмөктөшөт жана физикалык баалуу металлдардын жүгүртүлүшүн алда канча ачык кылууга мүмкүндүк берет, ошондой эле зергердик өнөр жайдын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт деген пикирде долбоордун демилгечиси.

Асылбаеванын пикиринде, азыркы учурда чет өлкөлүк валютанын курсу туруктуу болбогон шартта аманаттардын альтернативдүү варианттарын түзүү жана калкты жана ишкердик субъекттерин инвестициялоо жана аларга өз каражаттарын чет өлкөлүк валютага, кыймылсыз мүлккө гана эмес, ошондой эле стабилдүүлүктүн жана ишенимдүүлүктүн кепилдиги болуп саналуучу баалуу металлдарга салууга мүмкүнчүлүк берүү зарылчылыгы бышып жетилди.

Кумтөрдун «көйгөйлүү» алтыны

Буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк мындан ары Кыргызстандагы эң ири кендин алтындарынын бардыгын Улуттук Банк сатып алаарын айткан. Ал тургай биринчи келишимдин суммасын –  29 млн доллар деп атаган болчу. «Кумтөрдө» алтын өндүрүүнүн жылдык көлөмүн сатып алууга УБтын каражаты жетиштүү. Бизде акча болот», – деген эле ал.

Белгилей кетсек, ошол эле Бөлтүрүктүн айтымында, кен көзөмөлгө алынгандан кийин, «KГKнын» бардык чет элдик эсептери тоңдурулган.

Бирок, көп өтпөй УБ Кумтөрдөн алтын сатып алуу чечими кабыл алына электигин, сатып алынган алтындын биринчи партиясы тууралуу билдирүүнү четке каккан.

______________________________________________________________________________ 

Адистердин айтымында, УБтын «Кумтөрдөн» алтын сатып алуу чечими ойлонулбаган кадам болуп калышы мүмкүн, анткени Centerra Golc Inc. регуляторду кошо айыпталуучу катары жоопко тартуусу мүмкүн, бул өз кезегинде Кыргызстандын алтын-валюта резервдерине доо кетирет.

 

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу