Кыргызстан 1-июлдан тартып ККМнын жаңы стандарттарына өтөт

Кыргызстан 1-июлдан тартып ККМнын жаңы стандарттарына өтөт

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 1-июлунан тартып КРнын аймагында ККМди колдонуу жаңы стандарт боюнча ишке ашат.

Аталган күндөн тартып, салык органдарында катталган ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт. Ошондой эле, ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган субъекттер үчүн 1-июлдан тартып аны колдонуу милдеттүү болуп калат.

Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү төмөнкү субъекттер кирет:

  • соода борборлорунда жана үйлөрдө жайгашкан, аянты 10 чарчы метрге чейинки соода түйүндөрүндө товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу боюнча
  • коомдук тамактануу жайларында убактылуу жерлерди (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулуштарды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүү боюнча
  • соода залынын аянты 20 чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатуу боюнча

Мындан тышкары, жаңы техникалык талаптарга ылайык ККМди колдонууга милдеттендирилгендер (Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде ишмердик жүргүзүүчүлөр):

  • 200 чарчы метрден ашык соода аянты менен стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу
  • дарыканаларда дары-дармек каражаттарын сатуу
  • 200дөн ашуун оруну бар жана/же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү
  • стационардык жайларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр
  • медициналык лабораториялардагы кызмат көрсөтүүлөр

Жаңы стандарттарга ылайык келбеген ККМ пайдаланылган учурда мындай аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъекттер администрациялык айып салууга тартылат деп билдирет ведомстводон.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу