Жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасы иштелип чыкты – МБК

Жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасы иштелип чыкты  – МБК

Мамлекеттик бажы кызматы жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасынын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

МБКнын төрагасынын орун басары К.Шатемировдун айтымында, санарип платформаны түзүүнүн максаты – тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоо, ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестицияларды жогорулаткан бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.

Алдыга коюлган максаттар төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат: 

  • электрондук декларациялоого толук өтүү
  • товарлардын авточыгаруусун киргизүү
  • товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдө «жашыл коридорлорду» колдонуу (анын ичинде ТЭИ катышуучуларын категориялоонун эсебинен)
  • электрондук декларациялоо борборлорун ишке киргизүү
  • бизнес платформалар менен терең интеграция
  • өткөрүү пункттарында контролдук функцияларды жүзөгө ашырууда «Бир аялдама» принцибин толук кандуу киргизүү

Долбоорду ишке киргизүү 2021-2023-жылдарга этаптарга бөлүнгөн. «Смарт Бажы» платформаны түзүүдө жергиликтүү  IT-компаниялар иштешет.  

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу