Энергетика тармагындагы апаат: жабдуулардын 70% эскирди жана миллиарддаган карыздар турат

Энергетика тармагындагы апаат: жабдуулардын 70% эскирди жана миллиарддаган карыздар турат

Кыргызстандын энергетика тармагы үрөй учурарлык көрсөткүчтөрдү берүүдө. Мындай маалыматтарды Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурдин Кожогулов «Кыргызстандын энергетикасы» тегерек столунда билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Кожогуловдун айтымында, энергетикалык компаниялардын карыздык милдеттенмелеринин (насыялар, ссудалар) көлөмү 129 млрд сомдон ашты. Ошол эле учурда, электр энергиясын учурдагы тарифтер боюнча сатуудан түшкөн кирешелер энергетикалык компаниялардын насыялык төлөмдөрүн жана учурдагы чыгымдарын жаппайт. 2020-жылы 1 кВт/саат үчүн 2 сомдон ашкан орточо тариф электр энергиясынын өздүк наркына деле жетпейт.

Кожогулов насыя боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу 2025-жылга туура келээрин, болжол менен ал 18 млрд сомду түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандагы 70% негизги электр энергетикалык жабдуулар эскиргенин да кошумчалап кетти.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу