КРнын ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүү көлөмү 2020-жылы 12.5%га төмөндөгөн – Пандемиянын кесепети

КРнын ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүү көлөмү 2020-жылы 12.5%га төмөндөгөн – Пандемиянын кесепети

ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен республиканын өз ара соода жүгүртүү көлөмү пандемиянын кесепетинен 2020-жылы 12.5%га чейин төмөндөдү. Бул тууралуу Улутстатком маалымдайт.

2017-2018-ж.ж. тышкы соода жүгүртүү мурдагы жылдарга салыштырганда 16%дан ашыгыраак болсо, 2019-жылы бул көрсөткүч 2.1%га азайган. Ал эми 2020-жылы пандемиянын чектөөлөрүнө байланыштуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 12.5%га төмөндөгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө КРдан негизинен баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары, мөмө-жемиштер жана жаңгактар, кийим, сүт жана сүт азыктары, пластмасса жана андан жасалган буюмдар, автомобилдердин жана тракторлордун тетиктери жана бөлүктөрү, айнек, пахта, тамеки жана цемент жөнөтүлдү.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттерден мунайзат продуктулары, жаратылыш газы, кара металлдан жасалган буюмдар, өсүмдүк майлар, буудай, буудай уну, дары-дармектер, жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдар, жер семирткичтер, керамикалык буюмдар жана башка товарлар импорттолду.

2020-жылы ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн арасынан эң жогорку көлөмдөр Россия (65%) менен Казакстанга (33%) туура келет.

ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен КРнын өз ара соодасы

 20162017201820192020
Млн. доллар
Товар жүгүртүү2 073.22 405.22 801.92 742.52 400.9
Экспорт447.2541.5640.6641.7546.3
Импорт1 626.01 863.72 161.32 100.81 854.6

Мындан тышкары окуңуз

Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү

Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү

Нарын районунун Куланак айылындагы А.Орозакунов атындагы паркты реконструкциялоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун наркы 11 миллион 200 миң сомду түзүп, анда райондук өнүктүрүү фондунун, Орозакуновдун бир туугандарынын, үлүштүк дем берүүчү гранттын жана айыл өкмөттүн да салымы бар. Долбоордун ишке ашуусу менен айылдын

Избаскент көмөк чордонунда 50 жылдык эски жабдуулар алмаштырылды

Избаскент көмөк чордонунда 50 жылдык эски жабдуулар алмаштырылды

Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү, эскирген жабдууларды жаңылоо боюнча койгон милдеттерин ишке ашыруунун алкагында Жалал-Абадда Избаскент 110/35/6 кВ көмөк чордонунда ири жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда,  Избаскент

Түндүк-Түштүк жолу сел калдыктарынан тазаланууда

Түндүк-Түштүк жолу сел калдыктарынан тазаланууда

11-майда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 345-360-чакырымдарын сел каптады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда №31 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери аткарылууда. Азыркы тапта, жол эки тарптуу ачык, автоунаалар үчүн каттам бар. Министрлик айдоочуларды

Чүй районунда 132 млн сомго мектеп курулууда

Чүй районунда 132 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Чүй районундагы Прогресс айылына 275 орундуу жаңы мектеп салынууда. Мектептин наркы 132 миллион сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган, учурда иштердин 45 пайызы аткарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын билим алышы үчүн