Саясатчылар энергетиканын атын аеосуз камчылашты – министр

Саясатчылар энергетиканын атын аеосуз камчылашты – министр

Отуз жылдан бери өлкөнүн энергетикасынын техникалык интеллигенция тобу, өздөрүнүн саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн өлөйүн деген энергетиканын атын аеосуз камчылаган атка минерлерлерди момун баладай угуп, бардык каалоолорун тил алчаактык менен аткарып, туруктуу стресске кабылып, андан тышкары, эскирип, мөөнөтү өтүп бараткан материалдык жабдууларды иштөө абалында кармап келет.

Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 7-июнда «Кыргызстандын энергетикасы. Кечээ. Учурда. Келечекте» деген тегерек столдо билдирди дейт министрликтин маалымат кызматы.

Турдубаевдин айтымында, техникалык интеллигенция эч качан идеология чөйрөсүнө киришкен эмес. «Бул чоң ката экен. Өлкөнү, улутту башкарган улуттук идеяны кааласак же татыктуу максат койсок, анда аны техникалык интеллигенция аныкташы керек. Прагматиктер – экономиканын реалдуу секторунун адамдары», –деди министр.

«Биз кызмат кылышыбыз керек деп көнүп калганбыз, саясатчылардын эң акылга сыйбаган чечимдерине каршы үнүбүздү көтөрүүгө батынган жокпуз. Буга чекит коюуга убакыт келди. Биз өлкөнүн өнүгүүсүнүн векторун аныктап, артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, жол көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Мындай кырдаал Германияда, Японияда болгон, ал өлкөнү технократтар башкаргандыгынын натыйжасында урандылардан көтөрүлүп чыгышты», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу