Тоң районунда «Кумтөрдүн» эсебинен 43 млн сомго бала бакча курулат

Тоң районунда «Кумтөрдүн» эсебинен 43 млн сомго бала бакча курулат

Тоң районунун Ак-Өлөң айылында 100 орундуу бала бакча курулат. «Кумтөр» долбоорунун алкагында түзүлгөн Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү Фонду курулушка 43 млн сом бөлөт.

Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин жаңы бала бакчанын пайдубалын түптөө жана капсуласын салуу аземи болуп өткөн. Иш-чарага фонддун директору Самат Медеров, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышкан.

Фонддун маалыматына таянсак, Ак-Өлөң айылында буга чейин бала бакча болгон эмес. Жаңы бала бакчада балдар татыктуу тарбия жана билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте кышкыга карата электр жабдуулар оңдолууда

Бишкекте кышкыга карата электр жабдуулар оңдолууда

Алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында Энергетика министрлиги тарабынан энергетикалык компанияларга бир катар маанилүү тапшырмалар коюлган. Ага ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тартып Бишкек шаарында масштабдуу даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата электр тармактарын өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо жана

Кызыл-Кыядагы элдик жолугушууда 50дөн ашык маселе көтөрүлдү

Кызыл-Кыядагы элдик жолугушууда 50дөн ашык маселе көтөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 11-майда Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга 300гө жакын тургун катышып, 50дөн ашуун суроо-талап жана кайрылуулар айтылды. Жарандар негизинен турак жай үчүн жер тилкеси, таза суу, мунапыс маселеси, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык абалы, каттоого туруу, жаңы

Транспорт министри туристтик жолдорду сапаттуу оңдоону тапшырды

Транспорт министри туристтик жолдорду сапаттуу оңдоону тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында министрликтин кезектеги аппараттык жыйыны өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында жол курулуш иштеринин жүрүшү жана жаанчыл аба ырайына байланыштуу сел коопсуздугунун алдын алуу чаралары талкууланды. “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларына жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле бардык аймактарда асфальт-бетон

Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү

Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү

Нарын районунун Куланак айылындагы А.Орозакунов атындагы паркты реконструкциялоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун наркы 11 миллион 200 миң сомду түзүп, анда райондук өнүктүрүү фондунун, Орозакуновдун бир туугандарынын, үлүштүк дем берүүчү гранттын жана айыл өкмөттүн да салымы бар. Долбоордун ишке ашуусу менен айылдын