«Улутэнергохолдинг» электр тармактарына 30 млрд сом инвестиция салууну көздөөдө

«Улутэнергохолдинг» электр тармактарына 30 млрд сом инвестиция салууну көздөөдө

«Улуттук энергетикалык холдинг» электр тармактарына 30 млрд сом инвестиция салууну көздөөдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурдин Кожогулов бүгүн, 7-июнда «Кыргызстандын энергетикасы» тегерек столунда билдирди, деп маалымдайт Энергетика министрлигинин маалымат кызматы.

Маалыматка таянсак, 2021-2025-ж.ж. «Улутэнергохолдинг» 110-500 кВ тармактарын курууга, реконструкциялоого жана модернизациялоого 8.4 млрд сом инвестиция салат. Инвестициялык программа төмөнкүлөрдү камтыйт:  

  • Инвестициялык долбоорлор – 6.6 млрд сом
  • 110-220 кВ көмөк чордондорун модернизациялоо жана реконструкциялоо – 1.5 млрд сом
  • 110-220 кВ аба чубалгыларын модернизациялоо жана реконструкциялоо – 246 млн сом

Холдинг ошондой эле региондорго жана энергетика тармагын санариптештирүүгө багытталган электр тармактарын өнүктүрүүгө 21.4 млрд сомдон ашуун каражат жумшоону көздөп жатат. Инвестициялык программа төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • электр менен жабдуу тармактарын куруу жана реконструкциялоо, 5 миңден ашык трансформатордук көмөк чордондорду орнотуу – 19.5 млрд сом
  • жаңы конуштарды электрлештирүү – 1.9 млрд сом

Кожогуловдун айтканына караганда, электр жабдууларын өндүрүү боюнча энергетикалык өнөр жай кластери түзүлүп, андан кийин республиканын токтоп турган ишканаларында буйрутмаларды жайгаштырууга болот. Программанын алкагында 725 миң АСКУЭ эсептегичтерин орнотуу пландаштырылууда, ал АСКУЭ эсептегичтеринин үлүшү этап-этабы менен азыркы 13% дан 76% га чейин жогорулайт.

Бирок министрдин орун басары миллиарддаган карыздар турганда «Улутэнергохолдинг» энергетика тармагына каражатты кайдан алып берээрин айткан жок.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу