Бишкектин жаңы конуштарынын жолдору Кытайдын грантынын эсебинен оңдолууда

Бишкектин жаңы конуштарынын жолдору Кытайдын грантынын эсебинен оңдолууда

Борбор калаада Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабында жаңы конуштардагы жолдорду оңдоо иштери улантылууда деп билдирет шаардык мэриянын маалымат кызматы.

Учурда «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Жеңиш», «Ак-Босого», «Эне-Сай», «Ак-Тилек», «Учкун» жана «Ынтымак»  жаңы конуштарында узундугу 26 чакырым болгон жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.

Долбоордун экинчи этабында жаңы конуштарга 34,1 км жол курулат.

Жалпысынан быйыл 44 көчөнү, 2022-жылы 16 көчөнү оңдоп бүтүрүү пландалууда.

«Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү»  долбоорунун  экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо, аянты 630 миң чарчы метр жол катмарын алмаштыруу жана 130 чакырым тротуар куруу, 46 миң ирригацияны алмаштыруу пландалууда деп билдирет мэрия.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү

Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү

Нарын районунун Куланак айылындагы А.Орозакунов атындагы паркты реконструкциялоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун наркы 11 миллион 200 миң сомду түзүп, анда райондук өнүктүрүү фондунун, Орозакуновдун бир туугандарынын, үлүштүк дем берүүчү гранттын жана айыл өкмөттүн да салымы бар. Долбоордун ишке ашуусу менен айылдын

Избаскент көмөк чордонунда 50 жылдык эски жабдуулар алмаштырылды

Избаскент көмөк чордонунда 50 жылдык эски жабдуулар алмаштырылды

Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү, эскирген жабдууларды жаңылоо боюнча койгон милдеттерин ишке ашыруунун алкагында Жалал-Абадда Избаскент 110/35/6 кВ көмөк чордонунда ири жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда,  Избаскент

Түндүк-Түштүк жолу сел калдыктарынан тазаланууда

Түндүк-Түштүк жолу сел калдыктарынан тазаланууда

11-майда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 345-360-чакырымдарын сел каптады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда №31 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери аткарылууда. Азыркы тапта, жол эки тарптуу ачык, автоунаалар үчүн каттам бар. Министрлик айдоочуларды

Чүй районунда 132 млн сомго мектеп курулууда

Чүй районунда 132 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Чүй районундагы Прогресс айылына 275 орундуу жаңы мектеп салынууда. Мектептин наркы 132 миллион сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган, учурда иштердин 45 пайызы аткарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын билим алышы үчүн