Кытайлык инвесторлор КРнын өнөр жай паркына 20 млн доллар салат

Кытайлык инвесторлор КРнын өнөр жай паркына 20 млн доллар салат

Silk Way өнөр жай паркы кытайлык инвесторлор менен инвестициялык келишим түздү. Башында 20 млн доллар бөлүнөөрү күтүлүүдө, андан кийин жалпы инвестициялар 100 млн долларга чейин өсөөрүн парктын басма сөз кызматы билдирди.

Документке кечээ 7-июнда кол коюлду. Иш-чарага кыргыз-кытай кызматташтыгы Ассоциациясынын төрагасы Чжуншань Ехунцзянь, элчиликтин жана Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев, Чүй облусунун губернатору, Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, Silk Way комплексинин курулушу ушул жылдын март айында, капсула салынгандан үч жылдан кийин башталган. Алгач курулуш 2019-жылдын башына пландалган эле.

  • Буга чейин паркты курууга чогултулган каражаттын 100%ы кыргыз ишкерлеринин инвестициялары деп билдиришкен эле.

Silk Way Өнөр жай Паркы  – Борбор Азия чөлкөмүндөгү биринчи ири жана көп функционалдуу өнөр жай комплекси болмокчу. 70 гектар аянтта соода жана көргөзмө павильондору, кампалар, тигүү фабрикалары, бажы жана логистикалык терминал болот.

Долбоор текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасынын алкагында ишке ашырылууда. Анын иштеп чыгуучусу жана негизги ата мекендик инвестору – Альфа Карго компаниясы, ал Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө текстиль жана тигүү буюмдарын экспорттоого адистешкен.

  • Парктын масштабдуу өнүгүүсү үчүн 100 млн долларлык кошумча инвестициялар тартылды. Инвестициялык өнөктөштөр – Лю Ин (Liu Ying) мырза баштаган Кытайдын алдыңкы ишкерлери болмокчу.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу