Түрк ишкерлерине Кыргызстанда өнөр жай зонасын ачуу сунушталды

Түрк ишкерлерине Кыргызстанда өнөр жай зонасын ачуу сунушталды

Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов 7-июнь күнү Анкара шаарында (Түркия) Уюшкан өнөр жай зонасынын (OSTIM) башкармалыгынын төрагасы Орхан Айдин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн маалымат кызматы билдирди.

OSTIM компаниясынын өкүлдөрү негизинен чакан, орто ишканалардан турган жана Анкаранын алдыңкы өнөр жай зоналарынын бири болгон уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Алардын 6200дөн ашуун ишканасы Түркиянын экономикасынын 17 тармагында иш алпарат. OSTIM компаниясынын башкы максаттарынын бири – бул өнүмдөрүн тышкы базарларга чыгаруу болуп саналат.

Шыкмаматов белгилегендей, ишканалардын өнүгүшү – өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө түздөн-түз таасир этет, ошондуктан кыргыз тарап OSTIMдин жана башка ийгиликтүү түрк ассоциацияларынын тажрыйбасын үйрөнүүгө жана  Кыргызстанда ишкерликтин ушундай мыкты моделин киргизүүгө кызыкдар.

«Мындан тышкары, биз түрк тарапка КРнын аймагында өнөр жай зонасын батыраак ачуу боюнча сунушубуз бар» – деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап 10-июнда президент Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапарынын алкагында өтө турган кыргыз-түрк бизнес-форумунда Инвестициялар министрлиги менен OSTIM компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга макулдашышты.

Долбоорду тез арада ишке киргизүү үчүн, түрк делегациясы 2021-жылдын сентябрь айында КРга келиши күтүлүүдө деп кошумчалашты министрликтен.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу