Бишкекте «Кыргыз темир жолунун» экс-директору кайра кармалды

Бишкекте «Кыргыз темир жолунун» экс-директору кайра кармалды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков кайрадан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акы төлөөгө жамынып, Дашков жеке компанияларга мыйзамсыз түрдө 1.1 млрд сом чегерген.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен Василий Дашковду үй камагына чыгарган болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал аны төлөбөй келет», – деп белгиледи мамлекеттик комитет.

Мындан тышкары, сотко чейинки изилдөөнүн алкагында, экс-директордун «Кыргыз темир жолу» ишканасынан бюджеттик каражаттарды алуу боюнча кошумча фактылар аныкталган. 2021-жылдын январынан апрелине чейин мамлекеттик ишканадан 490 млн сомго жакын акча каражатын чыгарып кеткени маалым болду.

«Ошентип, келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1.5 млрд сомго барабар болууда. Бир күн мурда Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», – деп  жыйынтыктады департамент.

Эске салсак, Дашков биринчи жолу 18-майда кармалган. Кийинчерээк «Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директорунун уулу дагы мамлекеттик ишканадан 500 млн сом алып кетүүгө катышкан деп шектелгени белгилүү болду.

Мындан тышкары окуңуз

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон.  Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы