Бизнестин жеңиши – эми тергөөчүлөрдө салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү укугу болбойт

Бизнестин жеңиши – эми тергөөчүлөрдө салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү укугу болбойт

Тергөөчүлөргө жана тыңчыларга пландуу жана пландан тышкары салык жана башка текшерүү иш-чараларын жүргүзүүгө буйрук берүү укугу берилбейт. Тиешелүү норма Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын долбоорунан алынып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Бизнес коомчулугунун сунуштары эске алынып, Кылмыш жана Жазык-процесстик кодекстеринин долбоорлоруна өзгөртүүлөр киргизилди», – деп билдирди министрлик.

Тактап айтканда, экономикалык кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигинин чектери кайра каралып, айрым учурларда эркинен ажыратуу айып пулга алмаштырылган.

Прокуратура кызматкерлери менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жүрүшүндө Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясындагы жаңылыктар жөнүндө айтылды.

Ошентип, КРнын Жазык-процесстик кодексинин долбоорунун талаптарына ылайык, кылмыш иши төмөндөгүлөргө козголушу мүмкүн эмес:

  • каржылык жана экономикалык укук бузуулар жөнүндө маалымат болбосо, анда жашырылган салыктардын же бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө маалыматтар жок болсо
  • келтирилген зыян, олуттуу зыян же мыйзамсыз киреше жөнүндө, эксперттин корутундусу, текшерүү актылары, текшерүүлөр жана башка документтер менен тастыкталган маалыматтар жок болгон учурда
  • жазуу жүзүндө түзүлгөн же сотто каралган жарандык бүтүмдөр аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда

«Бул учурда, тергөө алдындагы текшерүүнү жүргүзбөстөн, 24 сааттын ичинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат», – деп кошумчалады көзөмөл органы.

Мындан тышкары окуңуз

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон.  Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы