Эстониялык компания Бишкектеги таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү иштерин баштайт

Эстониялык компания Бишкектеги таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү иштерин баштайт

Эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы Бишкектеги таштанды полигонун жабууну жана калыбына келтирүү иштерин баштайт. 18-майда эмдөөдөн өткөн жумушчулардын биринчи тобу кайтып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, адистердин экинчи тобу эмдөө жана жумушчу визаларын алгандан кийин июнь айынын орто ченинде келиши күтүлүүдө.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык,  пандемияга байланыштуу «Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоору боюнча бардык жумуштар 14 айга токтотулган жана келишим 17 айга чейин узартылышы күтүлүп жатат.

Мэрия ошондой эле учурдагы катуу таштанды полигонунун аймагынын 3.8 гектарга кеңейишине байланыштуу, долбоордун наркынын көтөрүлүшү күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Бул маселе жерди пайдалануу боюнча мамлекеттик актыны алгандан кийин жана рекультивацияны талап кылган кошумча аймактарды эске алуу менен долбоордук документация бекитилгенден кийин, подрядчик жана долбоордун инженери менен талкууланат.

Долбоор аяктагандан кийин, эски таштанды полигону толугу менен калыбына келтирилет, тагыраак айтканда, ал жер 0.5 м чопо катмары менен жабылып, 0.2 м түшүмдүү катмар менен капталып, айыл чарба жерлерине айландырылат. Ошондой эле метан сатуучу жайлар орнотулат.

«Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» долбооруна 2013-жылы кол коюлуп, ал 2015-жылы ратификацияланган. Долбоордун жалпы наркы 22 млн еврону түзүп, бул акчанын жарымы грант болсо, экинчиси Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынан (ЕРӨБ) кредит түрүндө келген.

Мындан тышкары окуңуз

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон.  Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы