Президент Энергетика министри Турдубаевди кызматтан кетирди

Президент Энергетика министри Турдубаевди кызматтан кетирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди  кызматынан бошотту. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кечээ, 8-июнда кол койду деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Өлкөнүн жаңы Энергетика жана өнөр жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалды. Ал буга чейин Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Турдубаев жакында эле «Кыргызстандын энергетикасы» тегерек столунда «саясатчылар өздөрүнүн максатына жетиш үчүн энергетиканын чарчаган атын аеосуз камчылашты» деген сыяктуу бир топ каттуу сөздөрдү айткан эле.

Андан сырткары, Энергетика министрлиги «Энергетика тармагы үрөй учураарлык абалда экенин, жабдуулардын 70%ы эскирип, миллиардаган карыздар бар экенидиги» тууралуу да билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй районунда 132 млн сомго мектеп курулууда

Чүй районунда 132 млн сомго мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Чүй районундагы Прогресс айылына 275 орундуу жаңы мектеп салынууда. Мектептин наркы 132 миллион сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган, учурда иштердин 45 пайызы аткарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын билим алышы үчүн

Бишкектеги Саманчин көчөсүн узартуу пландалууда

Бишкектеги Саманчин көчөсүн узартуу пландалууда

Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр - Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн ортосундагы Саманчин көчөсүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев социалдык тармак аркылуу билдирди. Анын айтымында, учурда долбоордун эки варианты каралып жатат. Биринчи вариант көчө түз ачылып, Байтик Баатыр көчөсүнө чейин узартылат. Ал эми экинчи вариантта жол менен кошо жер

Адылбек Касымалиев кореялык стоматологдордун делегациясын кабыл алды

Адылбек Касымалиев кореялык стоматологдордун делегациясын кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Корея Республикасынан келген адистердин делегациясын кабыл алып, жогорку технологиялык медицина тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Жолугушууда саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоо жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын киргизүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экени белгиленди. Тараптар заманбап технологияларды медицина тармагына киргизүү, санариптик чечимдерди колдонуу жан

Марат Тагаев ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды

Марат Тагаев ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды

Марат Тагаев ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.  Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ – түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл