10 миң автоунаа ээлери машиналарын жеңилдетилген түрдө кайра каттоодон өткөрүштү

10 миң автоунаа ээлери машиналарын жеңилдетилген түрдө кайра каттоодон өткөрүштү

Унааларды жеңилдетилген түрдө кайра каттоо боюнча улуттук кампания башталгандан бери (1-июндан баштап) «Унаа» мамлекеттик мекемеси 9 785 автоунааны кайра каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы билдирди.

31-декабрга чейин жарандарда автоунааны арзан кайра каттатуу мүмкүнчүлүгү бар. Унааны кайра каттоонун баасы, унаанын чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан, 1 миң 360 сомду түзөт. Эгерде жаңы номер албаса, анда автоунааны кайра каттоонун  баасы – 460 сомго чейин төмөндөйт.

Транспорт каражаттарын сатып  алып же сатып жатсаңыз, унааңызды «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнөн кайра каттоону сунуштайбыз.

МКК белгилегендей, транспорт каражаттарын ишеним кат менен сатуу же сатып алуу – унаа ээси үчүн төмөнкүдөй терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

  • менчик ээси транспорт каражаты үчүн салыкты төлөбөгөндүгү жана «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар үчүн жоопкерчилик тартат
  • транспорт каражатынын катышуусу менен кылмыш же жол-эрежеси бузулган учурда унаанын расмий ээси да жоопкерчилик тартышы мүмкүн
  • ишеним кат менен унаа алсаңыз, аны ишеним каттын негизинде өз атыңызга түз каттата албайсыз
  • расмий ээси каза болгон учурда ишеним кат өзүнүн күчүн жоготот жана мурастоодо көйгөй жаралышы мүмкүн

Республика боюнча «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин 26 аймактык бөлүмү иштейт. Унаа ээлери  катталган жерине карабастан каалаган аймактык бөлүмгө кайрыла алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү ишенимин арттырган адаттагы алдамчылык билдирүүлөр дагы деле байма-бай тарап жатат. Бул ирет ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү далил катары келтиришүүдө. Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө эч качан ишенбей,

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндө зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алууга арналган эки күндүк семинарга катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү "Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү" аттуу эки

Мамлекет АИ-95 күйүүчү майынын баасын жөнгө салбайт

Мамлекет АИ-95 күйүүчү майынын баасын жөнгө салбайт

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүү киргизди. Маалыматка ылайык, социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май чыгарылды. Мындан тышкары, токтомдон “максималдуу чекене бааларды белгилөө менен” деген сөздөр алынып салынды. Кабыл алынган өзгөртүүлөр күйүүчү-майлоочу материалдар базарында бааларды жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө