Бишкекте маршруттук таксилерге альтернатива катары – шаттлдар ишке кирди

Бишкекте маршруттук таксилерге альтернатива катары – шаттлдар ишке кирди

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын масштабдуу иш таштоосунан кийин Yandex Go кызматы аларга альтернатива катарында ар бир 15 мүнөт сайын белгилүү маршрут боюнча жүргөн шатллдарды ишке киргизди. Жол киренин баасы – 20 сомду түзөт.

«Шаттл – бул ыңгайлуу микроавтобус, анда тиркеме аркылуу бир орунду алдын ала брондоого болот» – дейт «Яндекс» кызматы.

Чүй проспектиси – Абдрахманов/ Байтик Баатыр (мурдагы Совет көчөсү) – Ахунбаев – Чыңгыз Айтматов /Манас проспектиси боюнча шаттлдар бир айланма маршрут менен ар бир 15 мүнөттө өтүшөт.

Шатллдар эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин иштешип, түшүү жана чыгуу аялдамадан жүргүзүлөт. Ошондой эле жол кирени айдоочуга төлөө накталай берилет.

Мындан тышкары окуңуз

"Ак-Тилек” постунда документтери туура эмес жүк артка кайтарылды

"Ак-Тилек” постунда документтери туура эмес жүк артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек” фитосанитардык текшерүү постунда мыйзам бузуу аныкталды. Маалыматка ылайык, 10-майда Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 36 куб метр ийне жалбырактуу пиломатериал текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар товарды

Футбол федерациясынын президенттигине Адылбек Касымалиев талапкер болду

Футбол федерациясынын президенттигине Адылбек Касымалиев талапкер болду

Кыргызстандын футбол союзунун шайлоо комитети КФУнун жетекчилигине талапкерлерди жактырды. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, шайлоо 12-майда КФУнун съездинин жүрүшүндө болот.  КФУнун президентинин кызмат ордуна төмөндөгүлөр көрсөтүлдү: - Адылбек Алешович Касымалиев.  КФУнун аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кызматына төмөндөгүлөр көрсөтүлдү: - Маматов Акылбек Абдимуктарович; - Жохан Болотович Ералханов. Эске салсак, буга

Алматынын делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод менен таанышты

Алматынын делегациясы Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод менен таанышты

9-майда Кыргызстанга болгон иш сапардын алкагында Алматы шаарынын акиминин орун басары Олжас Смагулов жетектеген делегация Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводго барды. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, делегациянын курамында Алматы шаарынын Ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын, Экология жана айлана-чөйрө башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле инвестициялык жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү болду. Завод аймагындагы экскурсияны Бишкек

“Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди

“Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди

Бүгүндөн тартып "Эл үмүтү" президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, эми талапкерлер онлайн форматта арыз тапшырып, катышуу шарттары, тандоо критерийлери жана керектүү документтердин тизмеси менен тааныша алышат. Документтерди кабыл алуу программанын расмий порталы аркылуу жүргүзүлөт. Арыздарды