Марипов МИКтин 4%дык ипотека программасынын ишке ашаарынан күмөн санады

Марипов МИКтин 4%дык ипотека  программасынын ишке ашаарынан күмөн санады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак жай программасынын ишке ашаарынан күмөн санады. Ал Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө сунушталган программаны кеңири карап чыгууну жана долбоордун максатка ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Бул тууралуу бир күн мурда, 9-июнда өткөн жыйында белгилүү болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Төраганын айтымында, аткарылгыс тапшырмаларды алдыга коюунун кажети жок, бардык иш-аракеттер реалдуу мүмкүнчүлүктөр менен шайкеш келүүсү зарыл.

«Сунушталган программага ылайык, пайыздык чек 4%га чейин төмөндөйт, баштапкы төлөө үчүн эч кандай талап жок. Булар, албетте, жакшы шарттар. Бирок программаны кабыл алуудан мурда, бардык тобокелчиликтерди эсептеп чыгуу керек, эң башкысы, каржылоо булактарын аныктоо керек», – деп баса белгиледи Марипов.

Анын айтымында, калкты мамлекеттик жеңилдетилген турак-жай менен камсыз кылуу – социалдык жактан маанилүү программа. Бирок, ипотекалык компания мындай жоопкерчиликти өзүнө алгандан кийин, бул милдеттенмелерди кандайча жана канча убакытта аткарыларын көрсөтүү керек.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын төрагасы Аида Төлөгөнованын маалыматына таянсак, кийин сатып алуу максаты менен ижарага берилүүчү турак жайдын механизмин иштеп чыгуу, баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотеканы насыялоо секторуна каражат тартуу, ошондой эле инвестицияларды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат.

«МИК» «ортомчу» имиджинен алысташы керек, уюмдун иштөө принцибин толугу менен өзгөртүү керек. Иштин негизги өзөгү – жарандар иш жүзүндө арзан турак-жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек», – деди Марипов.

Мындан тышкары окуңуз

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон.  Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы