Салык кызматы контролдук-кассалык машиналардын дагы 3 жаңы моделин киргизди

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналардын дагы 3 жаңы моделин киргизди

Салык кызматы ККМдин реестрине аппараттык жана программалык контролдук-кассалык машиналардын дагы 3 жаңы моделин киргизди. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирет.

Бул моделдер: 1 программалык ККМ «Смарт касса» («Скайл мобайл» ЖЧКсы) жана 2 аппараттык ККМ «ОКА-МФ» жана «АР02-ККМ-КG» («ККМ Техникалык борбору» ЖЧК жана «Соода технологиясы» ЖЧК  тарабынан иштелип чыккан). 

Апараттык ККМдин аталган моделдери колдонуудагы техникалык талаптарга ылайык келүүсү, анын ичинде кассалык операциялардын бардык тизмесин, маалыматтарды берүүнүн жаңы форматын, байланыш жок режимде иштөөнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө текшерүүдөн өткөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эски үлгүдөгү ККМди каттоого тыюу салуу менен катар, 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген техникалык талаптарга ылайык, келген ККМди 2021-жылдын 1-июлунан тартып милдеттүү түрдө колдонуу күчөтүлөт.

  • Кассалык машиналардын моделдери жөнүндө маалыматты МСКнын www.sti.gov.kg сайтынан «ККМ Онлайн» бөлүмүнөн таба аласыз.

Мындан тышкары окуңуз

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү ишенимин арттырган адаттагы алдамчылык билдирүүлөр дагы деле байма-бай тарап жатат. Бул ирет ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү далил катары келтиришүүдө. Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө эч качан ишенбей,

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндө зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алууга арналган эки күндүк семинарга катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү "Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү" аттуу эки

Мамлекет АИ-95 күйүүчү майынын баасын жөнгө салбайт

Мамлекет АИ-95 күйүүчү майынын баасын жөнгө салбайт

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүү киргизди. Маалыматка ылайык, социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май чыгарылды. Мындан тышкары, токтомдон “максималдуу чекене бааларды белгилөө менен” деген сөздөр алынып салынды. Кабыл алынган өзгөртүүлөр күйүүчү-майлоочу материалдар базарында бааларды жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө