«Түндүк» системасына 68 коммерциялык уюм кошулду

«Түндүк» системасына 68 коммерциялык уюм кошулду

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына 68 коммерциялык уюм жана 67 министрликтер менен ведомстволор кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат Буржуев билдирди.

Буржуевдин маалыматына ылайык, учурда системада 55 мамлекеттик орган жана 38 коммерциялык уюм маалымат алмашуу иштерин жүргүзүшөт.

Жалпысынан, мамлекеттик органдар тарабынан дагы, коммерциялык уюмдар тарабынан дагы «Түндүк» системасын колдонгондордун санынын өскөнү байкалууда. 2018-жылы мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу – 363 миң транзакцияны түзсө, ал эми мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдардын ортосунда эч кандай маалымат алмашуу болгон эмес. 2020-жылы мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуу  – 69.4 млн, ал эми өкмөт менен коммерциялык уюмдар 1128 млн транзакцияга жетти.

2021-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик органдардын өз ара байланышы 22.5 млн транзакцияны, ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдардын ортосунда 52.2 млн транзакцияны түзгөнүн директордун орун басары билдирди.

«Түндүктө» 782 кызмат жана 208 система катталган. Учурда бардык мамлекеттик органдар туташкан.

Мындан тышкары окуңуз

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү ишенимин арттырган адаттагы алдамчылык билдирүүлөр дагы деле байма-бай тарап жатат. Бул ирет ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү далил катары келтиришүүдө. Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө эч качан ишенбей,

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндө зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алууга арналган эки күндүк семинарга катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү "Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү" аттуу эки

Мамлекет АИ-95 күйүүчү майынын баасын жөнгө салбайт

Мамлекет АИ-95 күйүүчү майынын баасын жөнгө салбайт

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүү киргизди. Маалыматка ылайык, социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май чыгарылды. Мындан тышкары, токтомдон “максималдуу чекене бааларды белгилөө менен” деген сөздөр алынып салынды. Кабыл алынган өзгөртүүлөр күйүүчү-майлоочу материалдар базарында бааларды жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө