Улуттук Банк Башкармасынын мүчөлөрү 2020-жылы 28 млн сом сый акы алышты – депутат

Улуттук Банк Башкармасынын мүчөлөрү 2020-жылы 28 млн сом сый акы алышты – депутат

2020-жылы Улуттук Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн жалпы эмгек акысы дээрлик 28 млн сомду түзгөн. Сый акыга эмгек акы жана башка төлөмдөр кирет. Бул тууралуу депутат Саматбек Ибраев бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, эгерде бул сумманы коллегиянын жети мүчөсүнө бөлсө, анда ар биринин кызматы орто эсеп менен бир айда 332.9 миң сомго турат. «Бул суммага жол чыгымдары, эл аралык рейстер, жеке автоунаалардын тейлөөсү жана башка чыгымдар, айдоочулардын эмгек акысы, директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн эс алуусу кирбейт», – деп кошумчалады ал.

«Эгерде УБ Башкармасынын ар бир мүчөсүнүн эмгек акысы жөнүндө айта турган болсок, анда УБтын төрагасын тейлөө айына болжол менен 400 миң сом турат», – деди Ибраев.

Ошондой эле ал УБ Башкармасынын мүчөлөрүнүн турак жай сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыялары, тагыраак айтканда, насыяны 2%дан 5%га чейин пайыздык чен менен 15 жылга чейин артыкчылыктуу алышаарын да айтып өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон.  Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү ишенимин арттырган адаттагы алдамчылык билдирүүлөр дагы деле байма-бай тарап жатат. Бул ирет ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү далил катары келтиришүүдө. Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө эч качан ишенбей,

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндө зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алууга арналган эки күндүк семинарга катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү "Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү" аттуу эки