Wall Street Journal: Нью-Йорк соту «Кумтөр Голд Компанинин» банкроттукка байланыштуу арызын канааттандырды

Wall Street Journal: Нью-Йорк соту «Кумтөр Голд Компанинин» банкроттукка байланыштуу арызын канааттандырды

«Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» банкроттукка байланыштуу арыздары канааттандырылды. Нью-Йорктун түштүк округ боюнча сотунун 8-июндагы чечимине ылайык, компанияларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, алар менен соттошууга жана алардын мүлкүн конфискациялоого болбойт. Кен казуу иштери боюнча келишимдерди бузууга же өзгөртүүгө да жол берилбейт.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына таянсак, бул чектөөлөр бардык жеке жактарга, ошондой эле чет өлкөлүк же жергиликтүү мамлекеттик органдарга да тиешелүү.

Кыргыз бийлиги бул чечим боюнча азырынча комментарий бере элек. Нью-Йорктогу сотто кыргыз өкмөтү жалдаган юридикалык компаниянын адвокаттары Кумтөр кенинде тышкы башкарууну киргизүү чечими мыйзамдуу болгон деп белгилешкен.

Эскерте кетсек, Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларынын банкрот болуусун «уюштуруу» демилгесин көтөргөн жана компания АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылуу жолдошкон болчу.

«Центерра» бул процесс кыргыз өкмөтү менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдү жеңилдетет деп үмүттөнгөнүн билдирген. Компаниянын маалыматына таянсак, Федералдык кодекстин 11-бөлүмү – коюлган доолордун компаниянын башка бизнестерине, анын ичинде Канададагы «Маунт Миллиган» жана Түркиядагы «Оксют» кенине, ошондой эле Түндүк Америкадагы молибден бизнесине таасир этпөөсүн камсыздайт.

Белгилей кетсек, мындай банкроттун демилгечиси адатта менчик ээси бойдон калат, ыйгарым укуктарга жана милдеттенмелерге ээ болуп, ишкердик ишин уланта алат. Соттун макулдугу менен акчаларды карызга алуу укугуна да ээ болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон.  Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы