«Жумушсуз» көрүнгөн бизнесмендер жергиликтүү кеңештерге ат салышууда

«Жумушсуз» көрүнгөн бизнесмендер жергиликтүү кеңештерге ат салышууда

Шаарларда жергиликтүү кеңешке ат салышып жаткан депутатыкка талапкерлер бир же бир канча эле кирешелүү тармактын өкүлдөрү. «Жалпы иш» коомдук фондунун аналитиктери ушундай тыянакка келишти.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдары курулуш бизнеси активдүү өнүгүүдө. Ошого жараша шаардык кеңешке курулуш компаниясында иштегендер же алардын кожоюндары депутатыкка ат салышууда. Бирок ошол эле учурда, Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринде агрардык бизнестин өкүлдөрү басымдуулук кылат.

Политолог Эмил Жураевдин айтымында, бизнесмендер эмнеге бийликке умтулуп атышканы айдан-ачык иш.

 «Анткени муниципалдык органдар көптөгөн тендерлерди жарыялашат, ал тендерлердин «келечеги» жергиликтүү кеңештер аркылуу чечилет. Андан сырткары, дээрлик, ар бир региондун өзүнүн өнүктүрүү фонду бар, аларга салык жана республикалык чегерүүлөрдөн сырткары, тоо-кен иштеткен ишканалардан чоң суммадагы акча каражаттары түшүп турат. Эми элестетиңиз, курулуш, калыбына келтирүү иштер үчүн канчалаган тендерлер жарыяланаарын», – деп түшүндүрдү эксперт.  

«Жалпы иш» коомдук фондунун адситери Аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) талапкерлердин 47%ы жумушсуз деп катталгандыгын, бирок иш жүзүндө алардын жумуштары бар экендигин аныкташкан. Ал эле эмес, алардын көбү коммерциялык уюмдардын директорлору жана кожоюндары болуп саналышат.

«Бул адамдар шайлоочуларды өз ишмердүүлүгүнө жана компанияларына көңүл бурдурткусу келбейт. Бул купуялуулук өтө жакшы эмес. Талапкерлер салык жана фискалдык органдар аларга ашыкча суроолорду берет деп коркушат. Бирок бул органдар кимдин кайсы жерде иштээрин ансыз деле мыкты билишет», – деп түшүндүрдү Эмил Жураев.

Политолог сөзүн жыйынтыктап жатып, өздөрүн калп эле жумушсуз деп тааныштырган, элдин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бараткан кадидаттар – өзүнүн шайлоочуларын сыйлабагандыгы деп билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон.  Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы