Дагы бир кургакчыл мезгил – Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дагы 2 млрд кубометрге азайды

Дагы бир кургакчыл мезгил – Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дагы 2 млрд кубометрге азайды

Кыргызстанда кезектеги кургакчыл мезгил башталды. Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 10.7 млрд кубометр суу бар. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.4 млрд кубометрге аз.

2020-жылдын 11-июнунда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү –13.1 млрд кубометр болсо, 2019-жылдын 11-июнунда 14.4 млрд кубометрди түзгөн. Бул жыл сайын суунун көлөмү азаюуда дегенди билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бир нече жылдан бери суунун жетишсиздиги көйгөйү уланып келет. Токтогулдагы суунун аздыгы –электр энергиясынын жетишсиздигине алып келип, өлкөнү коңшулардан карыз суроого аргасыз кылды. Ошентип КР Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиясын алмашуу жөнүндө келишим түздү. Мындан тышкары, Түркмөнстандан электр энергиясын тартып келүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Буга чейин президент, андан соң Энергетика министрлиги электр энергиясынын жаңы тарифтерин киргизүүнү сунуштап, алардын максатка ылайыктуулугун энергетика тармагынын миллиарддаган карыздары (129 млрд сом) жана жабдуулардын эскилиги (70%) менен түшүндүргөн. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү бул демилгени терс кабыл алышкан болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Токой чарба кызматынын Түп токой чарбасында коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө токой чарбанын мурдагы жетекчиси Р.Б. кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик токой фондусунун жерлерин өзүнүн жакын туугандарына мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталды. Ал токой продукцияларын атайын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, мунун

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык сертификаты жок Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын маалыматына ылайык, 8-июлда "Ак-

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында 49 маселе каралып, анын ичинде 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн берүүгө макулдук берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын 8-июлдагы отурумунда жалпысынан 49 маселе каралды. Жыйындын жыйынтыгында 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн, 8 жер тилкесин аукцион аркылуу

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын, цементтин жана күйүүчү-майлоочу майлардын чекене бааларына мониторинг жүргүздү. Кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн негизги максаты биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы базарларда баанын туруктуулугун камсыз кылуу болду.