Кыргыз-түрк «Достук» клиникасы ишке кирет – түрктөр убада берди

Кыргыз-түрк «Достук» клиникасы ишке кирет – түрктөр убада берди

Өлкөнүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровдун Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында, түрк тарап Бишкек шаарындагы «Достук» кыргыз-түрк клиникасы боюнча бардык маселелер чечилет деп ишендиргенин айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ал Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушууда жакында Бишкекке түркиялык дарыгерлер тобу келип, кыргызстандык адистер менен биргеликте «Достук» клиникасын иштетүүгө даярдап баштоосу боюнча келишимге жетишилгенин баса белгиледи.

«Үч жылдан бери клиника иштөөгө даяр болгону менен иштебей туруп калган эле. Анткени тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Азыр биз орток пикирге келдик, жакын арада оорукана иштей баштайт. Кыргыз тарап бардык керектүү документтерди даярдашы керек. Клиника заманбап жабдуулар менен жабдылган. Биз буга чейин Түркияга операцияга квота менен жиберип келген бейтаптарга эми бул ооруканадан эле операция жасап баштайбыз. Бейтаптарды Түркияга жөнөтүү программасы пандемияга байланыштуу да убактылуу токтоп калган эле»,  – деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандын 20 клиникалык ординатору Түркиядагы мыкты клиникалардан эки жыл акысыз тажрыйба арттырууга адистештирүүдөн өтүүсү боюнча макулдашты. Кыргызстанда сынак жарыяланып, күзгө чейин тандалган мыкты дарыгерлер эң муктаж болгон адистиктер боюнча окууга жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, Түркия саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө, башкача айтканда, «электрондук саламаттык сактоо» тутумун түзүүгө жардам берүүгө даяр.

Мындан тышкары окуңуз

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка таянсак, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция) боюнча айып

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткен облусунда бажы, чек ара жана ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалды. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, коррупциялык схема Ички иликтөөлөр башкармалыгы менен УКМКнын Баткен шаары жана Баткен облусу боюнча башкармалыгынын 6-бөлүмү жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Тергөөдө белгилүү болгондой, "

Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Рысбековдун айтымына караганда, учурда күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Ошол эле учурда министр авариялык кырдаалдар жаралышы мүмкүн экенин белгилеп, мындай учурларда көйгөйлөрдү ыкчам

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкек шаарында жер мунапысынын алкагында шаар куруу корутундусун алуу үчүн 16 миңден ашуун арыз түшүп, анын негизинде 13 миңден ашык даяр корутунду комиссиянын кароосуна өткөрүлдү. Шаар куруу жана архитектура департаментинин маалыматына ылайык, Президент Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койгондон бери Бишкек шаар куруу