Казакстан Кыргызстандан чыккан жүктөрдү 15-20 күнгө кечиктирүүдө – Базарлар Ассоциациясы

Казакстан Кыргызстандан чыккан жүктөрдү 15-20 күнгө кечиктирүүдө – Базарлар Ассоциациясы

Эл аралык брендге айланган Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көпчүлүгү чет өлкөгө «Дордой» базарынан экспортко чыгат. Тилекке каршы, коңшу Казакстандын чек арасындагы бекетте жүктөр 15-20 күнгө кечигип чыгып жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын базарлары, соода жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков бир күн мурда, 10-июнда, парламенттин төрагасынын алдындагы бизнести өнүктүрүү кеңешинде билдиргендигин парламенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын айтымында, мындай ыкма соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө тоскоол болуп, ЕАЭБтин товарларды эркин жүгүртүү принциптерине каршы келет.

«Жүк ташуучу унаалардын Казакстандын чек ара бекеттеринен өтүшү өтө татаал маселе, бирок аны чечүүгө мамлекеттик органдар жардам бериши керек», – деп кошумчалады Ташибеков.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Чүйдүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кылмыш иши козголду

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияровго карата дагы бир кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Мияровго Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") боюнча иш козголгон.  Мындан тышкары Октябрь райондук сотунда көп аял алуу

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү ишенимин арттырган адаттагы алдамчылык билдирүүлөр дагы деле байма-бай тарап жатат. Бул ирет ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү далил катары келтиришүүдө. Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө эч качан ишенбей,

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндө зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алууга арналган эки күндүк семинарга катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү "Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү" аттуу эки