Бюджеттин кирешеси жасалма көбөйтүлгөн – Башкы прокуратура иш козгоду

Бюджеттин кирешеси жасалма көбөйтүлгөн –  Башкы прокуратура иш козгоду

Башкы прокуратура Борбордук казыналыктын жана Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн 100% га жасалма көбөйткөн фактысын аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2019-жылдын 31-декабрында жогоруда аталган бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлери бюджеттин киреше бөлүгүн 100% га жасалма түрдө көбөйтүшкөн. Алар укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсебинен Салык кызматынын эсебине 491.9 млн сом суммасында салыкка тиешеси жок каражаттарды мыйзамсыз которушкан.

Натыйжада, өкмөт ЖКда бюджеттин киреше бөлүгүнүн 100% аткарылышы жөнүндө салык кызматынын жалган отчетун берген.

Бул факт боюнча, Борбордук казыналыктын жана Салык кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-бөлүмүнүн 4-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) боюнча иш козголуп, сотко чейинки процесстер башталды.

Мындан тышкары окуңуз

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Байтик айылында 1600 чарчы метрлик жаңы сквер курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзгөн жаңы коомдук эс алуу жайынын эскиздик долбоору даярдалды. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаңы сквердин эскиздик долбоорун иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү ишенимин арттырган адаттагы алдамчылык билдирүүлөр дагы деле байма-бай тарап жатат. Бул ирет ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү далил катары келтиришүүдө. Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө эч качан ишенбей,

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Кыргызстанда жумуш ордундагы зомбулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү эмгек чөйрөсүндө зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдү алдын алууга арналган эки күндүк семинарга катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү "Кыргызстанда кесиптик бирликтин потенциалын өнүктүрүү, стратегиялык жана инклюзивдик чараларды ишке ашыруу аркылуу дискриминациясыз, зомбулуксуз жана кордуксуз татыктуу эмгекке көмөктөшүү" аттуу эки

Мамлекет АИ-95 күйүүчү майынын баасын жөнгө салбайт

Мамлекет АИ-95 күйүүчү майынын баасын жөнгө салбайт

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерге өзгөртүү киргизди. Маалыматка ылайык, социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май чыгарылды. Мындан тышкары, токтомдон “максималдуу чекене бааларды белгилөө менен” деген сөздөр алынып салынды. Кабыл алынган өзгөртүүлөр күйүүчү-майлоочу материалдар базарында бааларды жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө