«Кумтөр Голд Компани» компаниянын банкроттугу боюнча соттун чечимин тааныбайт

«Кумтөр Голд Компани» компаниянын банкроттугу боюнча соттун чечимин тааныбайт

«Кумтөр Голд Компани» АКШда компаниянын атынан банкроттук жол-жобонун башталышына тынчсызданып турат.  Нью-Йорктун түштүк округ боюнча сотунда«Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» банкроттукка байланыштуу арыздары канааттандырылды. Бул өтүнүчтөрдү Centerra Gold Inc. башкы компаниясынын юристтери беришкен.

  • «Кумтөр Голд Компани» – Centerra Gold Inc., алтын өндүрүүчү компаниясынын туунду компаниясы. Бирок Кыргызстандын бийлигинин чечими менен 17-майдан тартып ишканага тыштан башкаруу киргизилген. Тыштан башкаруучу болуп директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Учурдагы жетекчилик билдиргендей, «Кумтөр Голд Компани» түзүлгөн күндөн бери өз ишмердүүлүгүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүп келген жана жүргүзүп жатат. Бул шарт Centerra Gold менен КРнын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн жазуу түрүндөгү макулдашуулар менен бекитилген.

«КГКнын» атынан «Центерра Голд Инк.» компаниясы макулдашылбаган банкроттук жол-жобосунун демилгеси боюнча жана ошондой эле, дүйнөдө бардык сот процесстеринин токтотулушун, банкроттук жөнүндө арыз бергенге чейин пайда болгон карыздарды өндүрүү боюнча кредиторлордун аракеттерин жана «КГКнын» кызыкчылыгына каршы айрым башка аракеттерди билдирген АКШнын мыйзамдарына ылайык башталган автоматтык түрдө токтото туруу жол-жобосуна «КГК» өтө тынчсызданууда.

2021-жылы 31-майда «КГКнын»  жалгыз акционер катары «Центерра Голд Инк.» «КГКнын»   уставында жана КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуп, материалдарды АКШ банктроттук сотунун кароосуна өткөрүп жана айрым жеке жана юридикалык жактарга «КГКнын» атынан иш алып барууга укук берип, мыйзамсыз чечим чыгарды.  Бул чечимдин юридикалык күчү жок жана «КГК» аталган чечимди «Центерра Голд Инк.» ишканасынын жоопкерчиликтен качуу жана өз кызыкчылыктарын гана эске алып «КГКнын»    ишмердүүлүгүнө доо кетирүү максатында жасады деп эсептейт.

КР эгемендүү мамлекет жана АКШнын банктроттук соту тарабынан көрүлө турган чаралар колдонулбайт. АКШнын банкроттук соту процедуранын автоматтык түрдө токтотулушуна байланыштуу КРны буйруктун чөйрөсүнөн четтетүүдөн баш тартканы белгилүү болду, ошол эле учурда КРнын кийинки сот угуу этабында автоматтык түрдө токтото туруудан андан ары чыгарып салууну талап кылуу укугу сакталып калды.

Жыйынтыгында, компаниянын билдирүүсүнө ылайык, «КГКнын» ишкердиги КРнын мыйзамдарына гана баш ийет. «КГК» төлөөгө жөндөмдүү компания жана жакынкы келечекте Кумтөр кенинин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн товарларды жана тейлөөлөрдү көрсөткөн жеткирүүчүлөрү менен өз убагында эсептешүү боюнча жоопкерчиликтен баш тартпайт. «КГКнын» өзүнүн социалдык милдеттемелерин жана ошондой эле, КРнын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана жалданма уюмдардын алдында бардык милдеттерин аткаруусун улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Токой чарба кызматынын Түп токой чарбасында коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө токой чарбанын мурдагы жетекчиси Р.Б. кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик токой фондусунун жерлерин өзүнүн жакын туугандарына мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталды. Ал токой продукцияларын атайын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, мунун

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык сертификаты жок Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын маалыматына ылайык, 8-июлда "Ак-

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында 49 маселе каралып, анын ичинде 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн берүүгө макулдук берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын 8-июлдагы отурумунда жалпысынан 49 маселе каралды. Жыйындын жыйынтыгында 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн, 8 жер тилкесин аукцион аркылуу

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын, цементтин жана күйүүчү-майлоочу майлардын чекене бааларына мониторинг жүргүздү. Кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн негизги максаты биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы базарларда баанын туруктуулугун камсыз кылуу болду.