Марипов бизнес-омбудсмен институтун колдоого убада берди

Марипов бизнес-омбудсмен институтун колдоого убада берди

Ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тараптан коргоого алуу Министрлер Кабинетинин ишиндеги негизги багыттардан болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда МКнын Төрагасы Улукбек Марипов КРнын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушуусунда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

«Биз мамлекеттик органдарды жана бизнес-коомчулукту өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча бирдиктүү ишке багыттоочу көпүрө катары чыгып жаткан бизнес-омбудсмен институтуна колдон келген колдообузду берип, мындан ары карай дагы бул аракетибизди улантууга даярбыз», – деди Марипов.

Ал белгилегендей, бизнестин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча чаралар кабыл алынды, атап айтканда мамлекеттин ишкер субьектилеринин экономикалык ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү боюнча иш жүрүүдө жана Финансы полициясы органы жоюлду.

Өз кезегинде бизнес-омбудсмен Министрлер Кабинетинин башчысына көрсөтүлүп жаткан колддоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Министрлер Кабинетинин жана институттун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн айтып өттү.

Робин Орд-Смит бизнес-омбудсмен институту негизги функционалы менен катар республикадагы ишкерликти жана бизнести өнүктүрүгө багытталган реформалар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка таянсак, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция) боюнча айып

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткен облусунда бажы, чек ара жана ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалды. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, коррупциялык схема Ички иликтөөлөр башкармалыгы менен УКМКнын Баткен шаары жана Баткен облусу боюнча башкармалыгынын 6-бөлүмү жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Тергөөдө белгилүү болгондой, "

Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Рысбековдун айтымына караганда, учурда күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Ошол эле учурда министр авариялык кырдаалдар жаралышы мүмкүн экенин белгилеп, мындай учурларда көйгөйлөрдү ыкчам

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкек шаарында жер мунапысынын алкагында шаар куруу корутундусун алуу үчүн 16 миңден ашуун арыз түшүп, анын негизинде 13 миңден ашык даяр корутунду комиссиянын кароосуна өткөрүлдү. Шаар куруу жана архитектура департаментинин маалыматына ылайык, Президент Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койгондон бери Бишкек шаар куруу