Баткендиктерге жардам көрсөтүү максатында, согуштук аракеттер мыйзамда эми камсыздандыруу окуясына кошулат

Баткендиктерге жардам көрсөтүү максатында, согуштук аракеттер мыйзамда эми камсыздандыруу окуясына кошулат

Баткен облусундагы согуштук аракеттердин кесепетинен жарандардын кыймылсыз мүлктөрү кыйроолорго учурады. Келтирилген зыяндардын ордун толтуруу максатында «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 8-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып, ал парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

«Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, согуштук аракеттердин окуялары жана алардын кесепеттери камсыздандыруу окуясы болуп саналбайт болчу.

Бирок Баткен облусундагы согуштук аракеттердин кесепетинен  жарандардын кыймылсыз мүлктөрү кыйроолорго учурады. Ушундан улам кыйроого учураган турак-жайларды калыбына келтирүү максатында, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы келип чыккан.

Анткени ушул жабыр тарткан жарандар материалдык жактан аярлуу болуп саналат, ошондой эле алар башка мүлктөрүн жана материалдык баалуулуктарын да жоготушкан. Андыктан чек ара жаңжалынан жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүш үчүн согуштук аракеттерди камсыздандыруу окуясына кошуу керектигин мыйзамдын демилгечилери баса белгилөөдө.

Мындан тышкары окуңуз

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Токой чарба кызматынын Түп токой чарбасында коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө токой чарбанын мурдагы жетекчиси Р.Б. кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик токой фондусунун жерлерин өзүнүн жакын туугандарына мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталды. Ал токой продукцияларын атайын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, мунун

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык сертификаты жок Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын маалыматына ылайык, 8-июлда "Ак-

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында 49 маселе каралып, анын ичинде 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн берүүгө макулдук берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын 8-июлдагы отурумунда жалпысынан 49 маселе каралды. Жыйындын жыйынтыгында 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн, 8 жер тилкесин аукцион аркылуу

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын, цементтин жана күйүүчү-майлоочу майлардын чекене бааларына мониторинг жүргүздү. Кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн негизги максаты биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы базарларда баанын туруктуулугун камсыз кылуу болду.