Жаңы Кылмыш кодексине ылайык, экономикалык кылмыштарды криминалдаштыруу 23%га өсөт

Жаңы Кылмыш кодексине ылайык, экономикалык кылмыштарды криминалдаштыруу 23%га өсөт

Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясында экономикалык кылмыштарды криминалдаштыруу 23% га көбөйтүлдү. Бул тууралуу кодекстердин долбоорлорун талдоонун жыйынтыгында Бизнес Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү билдиргенин уюмдун басма сөз кызматы маалымдайт.

2017-жылдын Кылмыш-жаза кодексинде экономикалык кылмыштардын 22 түрү камтылса, сунушталып жаткан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунда экономикалык кылмыштардын 5 кошумча түрү жана айрым экономикалык кылмыштар боюнча чектелген 2 курамы камтылган.

Адистердин пикиринде, бул учурдагы кылмыштардын жалпы криминалдашуусунун 23% га көбөйүшүнө жана 9% жарым-жартылай криминалдашуусуна алып келет.

Мындан тышкары, кодекстин сунуш кылынган редакциясында экономикалык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазаларды белгилөөдө бирдиктүү түшүнүк жок – экономикалык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыптардын дээрлик бардыгы тиешелүү талдоосуз жана себептери далилденбестен кыскарган, ошондой эле айрым экономикалык кылмыштар үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү берилген кылмыштар дагы кыскарган (прокуратура органдары менен бизнес коомчулугунун жолугушуусунан кийин) жана кээ бирлерине болсо катаалдаштырылган.

Бизнес Акыйкатчысы Робин Орд-Смит президенттин жарлыктарында буга чейин көрсөтүлгөн экономикалык кылмыштарды жана тартип бузууларды – бизнес жана экономика үчүн криминалдаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, ал бардык кызыкдар тараптардын ой-пикирлерин камтыган кайра иштелип чыккан долбоорлорду кылдат жана көп тараптуу талкуулоонун зарылдыгы турганын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Токой чарба кызматынын Түп токой чарбасында коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө токой чарбанын мурдагы жетекчиси Р.Б. кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик токой фондусунун жерлерин өзүнүн жакын туугандарына мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталды. Ал токой продукцияларын атайын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, мунун

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык сертификаты жок Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын маалыматына ылайык, 8-июлда "Ак-

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында 49 маселе каралып, анын ичинде 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн берүүгө макулдук берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын 8-июлдагы отурумунда жалпысынан 49 маселе каралды. Жыйындын жыйынтыгында 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн, 8 жер тилкесин аукцион аркылуу

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын, цементтин жана күйүүчү-майлоочу майлардын чекене бааларына мониторинг жүргүздү. Кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн негизги максаты биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы базарларда баанын туруктуулугун камсыз кылуу болду.