Кургакчыл жай жана коронавирус – Кыргызстан айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтүн узартууну көздөөдө

Кургакчыл жай жана коронавирус – Кыргызстан айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтүн узартууну көздөөдө

Кыргызстан айрым айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салууну жыл аягына чейин узартууну сунуш кылды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Бул айыл чарба азыктары:

  • айыл чарба өсүмдүктөрү –  буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, жем
  • тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары – буудай уну, өсүмдүк майы, кум шекер
  • мал чарба азыктары – тоок жумурткасы

Республиканын ички азык-түлүк рыногунда абалды турукташтыруу, айыл чарба товарларынын опурталдуу жетишсиздигин жана алардын бааларынын жогорулашын болтурбоо аталган токтом долбоорунун максаты болуп эсептелет. Эгерде өлкөдө бул азыктардын жетишсиздиги башталса – базардагы баалар кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

Долбоордун демилгечилеринин айтымында, кыш мезгилинде кардын аз жаашы, жаздын кеч келиши 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин бузду жана Кыргызметео кызматынын алдын-ала берген маалыматтарына ылайык, жайдын кургакчыл болушу күтүлүүдө, натыйжада, анын кесепети айыл чарба өндүрүшүнө терс таасир берет.

Жогоруда көрсөтүлгөн терс таасирлердин комплекси жана коронавирус инфекциясынын пандемиясынын күтүлүп жаткан экинчи, үчүнчү толкунунун кесепети – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.

Андыктан аталган долбоор ички азык-түлүк рыногундагы терс кесепеттердин алдын алуу максатында демилгеленген.

Мындан тышкары окуңуз

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка таянсак, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция) боюнча айып

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткен облусунда бажы, чек ара жана ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалды. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, коррупциялык схема Ички иликтөөлөр башкармалыгы менен УКМКнын Баткен шаары жана Баткен облусу боюнча башкармалыгынын 6-бөлүмү жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Тергөөдө белгилүү болгондой, "

Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Рысбековдун айтымына караганда, учурда күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Ошол эле учурда министр авариялык кырдаалдар жаралышы мүмкүн экенин белгилеп, мындай учурларда көйгөйлөрдү ыкчам

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкек шаарында жер мунапысынын алкагында шаар куруу корутундусун алуу үчүн 16 миңден ашуун арыз түшүп, анын негизинде 13 миңден ашык даяр корутунду комиссиянын кароосуна өткөрүлдү. Шаар куруу жана архитектура департаментинин маалыматына ылайык, Президент Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койгондон бери Бишкек шаар куруу