Кыргызстандын экономикасы 1.6%га төмөндөдү – өнөр жай жана курулуш солгундады

Кыргызстандын экономикасы 1.6%га төмөндөдү –  өнөр жай жана курулуш солгундады

Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-май айларында, алдын-ала баалоо боюнча, өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 1.6%га төмөндөө менен 215 млрд сомду түздү.
Өткөн жылдагы көрсөткүчтү эске алсак, (-4.8%), абал андан да жаман.

Улутстаткомдун маалыматына таянсак, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-май айларынын деңгээлинен 3.5%га өсүү менен 192 млрд ашык сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу  8.6%га төмөндөдү (2020-жылдын январь-майында 1.0% төмөндөѳ болгон).

Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4.1%га жогорулады (2020-жылдын январь-майында 8.3%га төмөндөѳ болгон).

Мындан тышкары окуңуз

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Түп токой чарбасынын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Токой чарба кызматынын Түп токой чарбасында коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө токой чарбанын мурдагы жетекчиси Р.Б. кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик токой фондусунун жерлерин өзүнүн жакын туугандарына мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталды. Ал токой продукцияларын атайын төмөндөтүлгөн баада сатып өткөрүп, мунун

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун артка кайтарылды

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык сертификаты жок Казакстандан ташылып келген 36 тонна ун Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын маалыматына ылайык, 8-июлда "Ак-

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ошто жаңы LED экрандар жана "акылдуу" аялдамалар пайда болот

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында 49 маселе каралып, анын ичинде 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн берүүгө макулдук берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын 8-июлдагы отурумунда жалпысынан 49 маселе каралды. Жыйындын жыйынтыгында 22 жер тилкесин LED экран орнотуу үчүн, 8 жер тилкесин аукцион аркылуу

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын, цементтин жана күйүүчү-майлоочу майлардын чекене бааларына мониторинг жүргүздү. Кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн негизги максаты биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы базарларда баанын туруктуулугун камсыз кылуу болду.