Жумуш берүүчүлөр эмгек акыларды конвертте берип баштайт – бизнес социалдык чегерүүлөрдүн көбөйүшүнө тынчсызданууда

Жумуш берүүчүлөр эмгек акыларды конвертте берип баштайт – бизнес социалдык чегерүүлөрдүн көбөйүшүнө тынчсызданууда

КР мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн ставкаларын жогорулатууну көздөөдө: жумуш берүүчүлөр үчүн 15.25%га чейин жана кызматкерлер үчүн 13%га көтөрүлмөкчү. Бизнес Акыйкатчы Робин Орд-Смит президенттин 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусунда айтылган жоболорго каршы келген бул демилгеге кабатырланып турганын билдирди.

Президент өзүнүн кайрылуусунда, 2021-жылдын 1-октябрына чейин социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды ЖКнын кароосуна алып чыгууну тапшырганын Бизнес-омбудсмен Институту эскертет.

Орд-Смиттин айтымында, бул демилге мамлекеттик органдар жана бизнес коомчулугу менен талданып, талкууланышы керек, анткени ал өлкөнүн ишкер чөйрөсүнө жана инвестициялык климатына терс таасирин тийгизип эле тим болбостон, коррупциялык тобокелдиктерди жаратып, бизнестин андан ары көмүскө экономикага киришине шарт түзөт.

Бизнес-омбудсмендин пикиринде, чоң төлөмдөрдү көрсөтпөш үчүн, ишкердик субъекттер жумушчуларга эмгек акысын «конвертте» төлөөнү улантышы мүмкүн. Андай боло турган болсо, мамлекетке жана калктын аз камсыз болгон катмарына төлөмдөр азаят.

Кыргызстандагы бизнес коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен жана былтыркы октябрь окуяларынан улам кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Ошондуктан, милдеттүү төлөмдөрдүн көбөйүшү – бизнес үчүн кырдаалды начарлатып, жалпы өлкө экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.


 «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «КРнын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолгон бөлүгүн каржылоого каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзамдарына) мыйзам долбоору коомдук талкууга 2021-жылдын 27-майында берилип, ЖКнын сайтында жарыяланган.

Мындан тышкары окуңуз

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка таянсак, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция) боюнча айып

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткенде транзиттик жүктөр боюнча коррупциялык схема аныкталды

Баткен облусунда бажы, чек ара жана ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалды. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, коррупциялык схема Ички иликтөөлөр башкармалыгы менен УКМКнын Баткен шаары жана Баткен облусу боюнча башкармалыгынын 6-бөлүмү жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Тергөөдө белгилүү болгондой, "

Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Рысбековдун айтымына караганда, учурда күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Ошол эле учурда министр авариялык кырдаалдар жаралышы мүмкүн экенин белгилеп, мындай учурларда көйгөйлөрдү ыкчам

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 16 миңден ашык арыз кабыл алынды

Бишкек шаарында жер мунапысынын алкагында шаар куруу корутундусун алуу үчүн 16 миңден ашуун арыз түшүп, анын негизинде 13 миңден ашык даяр корутунду комиссиянын кароосуна өткөрүлдү. Шаар куруу жана архитектура департаментинин маалыматына ылайык, Президент Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койгондон бери Бишкек шаар куруу