Бишкек мэриясы электр автобустарды сатып алуу үчүн АӨБдүн кредитинен баш тарткан эмес

Бишкек мэриясы электр автобустарды сатып алуу үчүн АӨБдүн кредитинен баш тарткан эмес

Бишкек шаарынын мэриясы электр автобустарын сатып алуу үчүн Азия Өнүктүрүү Банкынан (АӨБ) кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Экономика министрлигинин буга чейин жарыялаган сүйлөшүүлөр токтотулгандыгы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 14-июнда борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматына ылайык, электробустарды алуу «Шаардык транспортторун электрлештирүү» долбоорунун алкагында жүрүүдө.

«Учурда Бишкек шаарынын мэриясы АӨБдүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Иштер борбор калаанын транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбековдун келиши менен жанданды. Атап айтканда, АӨБдүн эсебинен электр автобустарын жана электр унааларын алуу, ошондой эле «Муниципалдык Эко Такси» кызматын түзүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Бишкек шаарынын мэриясы бул багыттагы  жүргүзүп жаткан иштери жана банк менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча толук маалымат берип турмакчы.

Эске салсак, 11-июнда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы «2020-жылдын сентябрь айынын аягында АӨБ тарабынан уюштурулган видеоконференциянын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү АӨБ менен «Шаардык транспортту электрлештирүү»  долбоору боюнча мындан ары кызматташуудан баш тартуу боюнча өз позицияларын билдиришкендиги тууралуу маалымат беришкен болчу.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай санариптик пенсия кызматтарын талкуулады

Кыргызстан менен Кытай санариптик пенсия кызматтарын талкуулады

Социалдык фонд Кытайдын Шанхай муниципалдык администрациясынын Социалдык камсыздандыруу борборунун өкүлдөрү менен пенсиялык системаны санариптештирүү боюнча жолугушуу өткөрдү. Соцфонддун маалыматына ылайык, жолугушууда пенсияларды дайындоо жана төлөө иштерине заманбап технологияларды киргизүү, жарандар үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү жана пенсиялык тутумду санариптештирүү маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле санариптик чечимдерди колдонуу боюнча тажрыйба алмашып, пенсиялык

Соң-Көлдөн 37 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Соң-Көлдөн 37 чакырым мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери Соң-Көл көлүндө жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 37 чакырымды түзгөн мыйзамсыз синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, көлдүн акваториясы тазаланды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чараны "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өткөрүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн акваториясында мыйзамсыз орнотулган синтетикалык

Ноокатта 24 млн сомго спорт комплекси курулууда

Ноокатта 24 млн сомго спорт комплекси курулууда

Ош облусунун Ноокат районунун Муркут айылында жаңы спорт комплекс курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 24 миллион сомду түздү. Учурда курулуш иштери 98%ге аткарылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы спорт комплекстин жалпы аянты 421 чарчы метрди түзүп, Г формасындагы эки блоктон турат. Анда спортчулар

Кыргызстан быйыл 4 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан быйыл 4 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан 2026-жылы коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдөн жалпы 4 млрд 99 млн кВт саат электр энергиясын импорттоо пландалганын Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Анын айтымына караганда, импорт ички өндүрүш менен бирге өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуу иштешин камсыздап, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Министр ошондой эле электр энергиясын керектөө