Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулары бар балдардын ата-энелери үчүн пансион куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, анын жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзүп, 70 орунга ылайыкталган.
Долбоордо 14 эки кишилик номер, намазкана, 4 кызматтык кабинет, конференц-зал, спорт зал, ашкана, кир жуучу жайлар, санитардык бөлмөлөр, кампалар жана башка кошумча жайлар каралган.
Объект Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти жана "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып, Президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата долбоордун А блогунда плита жабуу, Б блогунда мамычаларды орнотуу, ал эми В блогунда плиталарды бетондоо иштери бүттү.
Долбоордун негизги максаты — балдары аталган борбордо дарыланып жаткан ата-энелер үчүн жашоого жана эс алууга ылайыктуу шарттарды түзүү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу